Казакстанда коронавирустун миңден ашуун учуру катталды

Казакстанда коронавирустун миңден ашуун учуру катталды

Казакстанда өткөн суткада кайрадан коронавирустун миңден ашуун учуру катталды. Алматы шаары башка аймактардан ири айырма менен алдыда. Бул жерде COVID-19дун 342учуру аныкталган. Экинчи орунда 157 учур менен Казакстандын борбору турат. Алдыңкы үчтүктү Алматы облусу толуктайт. Мында 92 учур  катталган. Вирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 225 миңге жакындап калды.

Ошол эле учурда, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ушул саатка карата 19 миңден ашуун адам коронавирустан дарылануусун улантууда. Алардын ичинен 231 бейтаптын абалы оор, өтө оор абалда – 51 бейтап жатса, 38 бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков