Казакстандагы COVID-19 илдетине 1 жыл

Казакстандагы COVID-19 илдетине 1 жыл

1 жыл. Дүйнө жүзүндө пандемия жарыяланганына туура бир жыл болду. Бул мезгилде жалпыга маалым болгон инфекция адамзаттын жашоосун толугу менен өзгөрттү десек болот.

Биринчиден, ар бир өлкө өзүнүн аракетин көрдү. Коопсуздугун күчөттү. Казакстан дагы чек араларын жаап, аба каттамдарын токтотту. Бирок илдет өлкөнү айланып өткөн жок. Вирусту жуктуруунун биринчи учуру жалган куран айынын 13дө катталган. Германиядан келген эки казакстандыктан аныкталган вирус өлкөдө тездик менен жайыла баштаганда, мамлекеттик деңгээлде чукул чараларды колго алуу керек болду. Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен жалган куран айынын 16нан чын куран айынын 15не чейин өлкөдө өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Калк массалык түрдө үйлөрүндө калды. Окуу форматы, иштөө ыкмасы, жашоонун жалпы эрежеси бир заматта өзгөрүүгө дуушар болгон мезгил башталды.

Майрамдык концерттер көрүүчүлөрсүз өтүп, ыркечелери жылдырылды. Белгилүү ырчы Марат Омаровдун элди багынбоого чакырып, «Коронавирус, кет, кет, кет!» деп ырдаганы ушул кез.

Пандемия учурунда моралдык гана эмес, материалдык колдоо дагы абдан маанилүү ролду ойноду. Казакстан коронавирус менен жабыркагандарга жөлөк пул төлөгөн саналуу өлкөлөрдүн бири болду. 42 миң 500 теңге өлчөмүндөгү төлөм 2 миллион 353,8 миң казакстандыктын жашоосун жакшыртып жибербесе да, жыртыгын жамады.

Деген менен коронавирус биринчи кезекте медицина тармагына чоң жүк алып келгендигин белгилей кетүү керек. Алгач дарыгерлер коомчулугуна да белгисиз болгон бул оору бүгүнкү күндө медицинанын өнүгүшүнө чоң түрткү берди.

Ерлан Байтанаев, Казакстандын ССМ Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө комитетинин расмий өкүлү:

- Коронавирус инфекциясын алдын алуу боюнча Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бизде 24 саат бою иштөөчү ишеним телефону дагы деле ишин улантууда. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, жалпысынан бир жыл ичинде бизде бул вирус менен күрөшүүдө абдан көп аракеттер жасалды. Азыркы убакытта бизде коронавирусту диагностикалоо боюнча 145 лаборатория жана 64 чогултуу пункттары иштейт. Убактылуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн шаарларда 16 модулдук оорукана курулуп, пайдаланууга берилди. Аны менен катар, 3 инфекциялык оорукана реконструкцияланды. Мындан тышкары, 63 амбулаториялык бейтапканалар бир жылдын ичинде пайдаланууга берилди.

Бүгүнкү күндө коронавирустун жайылышына тоскоол болгон вакцинага артылган үмүт чоң. Дүйнөдөгү кесиптештери менен бирге Казакстан илимпоздору да ковидди жеңе турган вакцина ойлоп табууга шымалана киришти. Натыйжада QazCovid-іn вакцинасы сыноодон өтүп жатат.

Илдет көптөгөн мекендештерди жакындарынан айрыды, көптөгөн адамдар ден-соолуктун баркын билип калды. Эпидемия басаңдагандай сезилгени менен, аны толук жеңе элекпиз. Бул тууралуу президент Касым Жомарт Токаев белгилеп, өзүнүн Твиттердеги баракчасына атайын жазуу калтырды. «Бардык мекендештерди ооруп, дабаа издегенче оорубай турган жолду издөөгө чакырам», – деди Мамлекет башчысы. Мындан ары ден-соолук сактыкта экендигин эстен чыгарбоо кажет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков