Казакстан: 804 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстан: 804 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда коронавирус жуктуруу учурлары кайрадан көбөйдү. Өткөн суткада 804 адамдан кооптуу вирус аныкталды. Антилидерлердин тизмесин Алматы шаары баштайт. Бул жерде 121 адам илдетке чалдыккан. Ковид инфекциясынын 84 учуру катталган борбор калаа экинчи орунда, жуктуруунун 81 учуру менен Павлодар облусу үчүнчү сапка жайгашты. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери 215 миңден ашуун адам коронавируска чалдыккан. 200 миңге жакын бейтап толугу менен айыгып чыкты. Ал эми акыркы суткада 874 адам айыгып, үйлөрүнө кайтышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков