Коронавирус бейтаптарынын саны көбөйдү

Коронавирус бейтаптарынын саны көбөйдү

Казакстанда өткөн суткада 717 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Эң жогорку көрсөткүч Алматы шаарында катталган. Түштүк калаада кооптуу вирусту 105 адам жуктурган. Андан кийин Павлодар облусунда - 79, Акмола облусунда - 69, борбор калаада 68 бейтап илдетке чалдыкты. Өлкө боюнча коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 215 миңге чукулдады. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жалган куран айынын үчүнө карата 19 миңден ашуун бейтап дарыланып жатат, анын ичинен 4340 бейтап стационардык шартта көзөмөлгө алынган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков