Казакстан: 658 адам коронавируска чалдыкты

Казакстан: 658 адам коронавируска чалдыкты

Өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны өстү. Акыркы суткада 658 учур аныкталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, эң жогорку көрсөткүч Алматы шаарында. Бул жерде 102 адам илдетке чалдыккан. Андан кийин 78 адамдан инфекция аныкталган Акмола облусу турат. Ал эми Павлодар облусунда 77 учур катталды. Аны менен катар, 24 саат ичинде Маңгыстау жана Түркестан облустарында вирус жуктурган адамдардын саны аз. Жалпысынан өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 214 миңден ашты. Соңку суткада 893 адам коронавирустан айыгып, жалпы сакайгандардын саны 198 миңге чукулдады.