Эмдөөнүн экинчи этабы башталды

Эмдөөнүн экинчи этабы башталды

Нур-Султанда жалган куран айынын биринен баштап коронавируска каршы вакцинаны мугалимдер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана бала бакчалардын тарбиячылары ала башташты. Нур-Султан шаарынын Саламаттык сактоо башкармасынын маалыматы боюнча, бул топтогу эмдөөдөн өтө тургандардын жалпы саны 15 миңге жетет. Шаарда аталган категориядагы адамдарды эмдөө үчүн 36 баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмунда вакцинацилоо пункттары уюштурулду. Буга мекемелик уюмдар дагы катышат. Белгилей кетсек, бирдин айынын биринен баштап азыркы учурга чейин Нур-Султан шаарында 2126 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Өткөн дем алыш күндөрү дагы 7000 дозадан ашык вакцина жеткирилди.