Казакстанда «Биокоопсуздук тууралуу» мыйзам иштелип чыгат

Казакстанда «Биокоопсуздук тууралуу» мыйзам иштелип чыгат

Казакстанда 2021-жылы «биокоопсуздук тууралуу» мыйзам иштелип чыгат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алексей Цой мекеменин кеңейтилген жыйынында билдирди. Аталган мыйзамды ишке ашыруунун алкагында калктын ден-соолугуна баа берүү, текшерүү жана божомолдоо тутумун иштеп чыгуу, сын-пикирлерге каршы туруу жагынан көзөмөлдөө тутумун өркүндөтүү максатында 38 ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр киргизилет. Белгилей кетсек, мамлекеттин биологиялык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн казынадан 55 миллиард теңге бөлүнөт. Аталган сумма заманбап коргонуу каражаттарын киргизүүгө жана медициналык кызматтарды санариптештирүүгө жумшалат. Бул багыттагы иштер 2025-жылы аяктайт.

Ошондой эле, кеңейтилген жыйында мекеме башчысы 2023-жылы дарыгерлердин маянасы 561 миң теңгеге чейин жетерин айтты. Башкача айтканда, жакынкы үч жылда 247 миң адис татыктуу маяна ала алышат. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылы дарыгерлердин эмгек акысы 30 пайызга көтөрүлдү. Бул үчүн казынадан 222 миллиард теңге бөлүндү.