Пенсия топтомун дарыланууга пайдалануу үчүн арыз берүү башталды

Пенсия топтомун дарыланууга пайдалануу үчүн арыз берүү башталды

Казакстанда бир жолку пенсиялык топтомдорду дарылануу үчүн колдонууга арыздарды кабыл алуу башталды. Арыз enpf-otbasy.kz сайты аркылуу кабыл алынат. Пенсиялык фонддон бериле турган бир жолку төлөмдү медициналык кызматтын 7 түрүнө колдонсо болот. Алардын катарында сейрек кездешүүчү ооруларды дарылоо менен диагностикалоо, стоматологиялык кызматтар, реконструктивдүү жана калыбына келтирүү операциялары, радиохирургиялык дарылоо бар. Аны менен катар, протон терапиясы менен офтальмологиялык кызматтар үчүн пенсия топтомун  жумшоого болот. Эске салсак, Саламаттык сактоо министрлиги медициналык кызматтардын тизмесин бирдин айынын 15 бекиткен. Бирок коомдук талкуудан кийин бир жолку пенсиялык топтомун пайдалануу боюнча кызматтардын түрлөрү кайрадан толукталды.

Бир жолку пенсиялык топтомун пайдаланууга уруксат берилген медициналык кызматтар:

- орфандык ооруларды дарылоо жана дарылоо тактикасын аныктоо үчүн диагностикалык изилдөө;

- стоматологиялык кызматтар (тишти протездөө, имплантация);

- операциядан жана мастэктомиядан кийинки пластикалык операция;

- радионуклиддик жана радиойод терапия;

- радиохирургиялык дарылоо;

- протон терапиясы;

- офтальмологиялык кызматтар.