Казакстанда илдет жуктургандардын саны кайрадан өстү

Казакстанда илдет жуктургандардын саны кайрадан өстү

Казакстанда инфекция жуктуруп алгандардын саны кайрадан көбөйдү. Акыркы суткада коронавирустун 753 учуру аныкталды. Өсүш жагынан антирейтингди 93 учур менен Алматы баштап турат. Күнүмдүк өсүш боюнча Павлодар облусу экинчи орунда. Бул жерде илдетке чалдыккандардын 90 учуру катталган. Чыгыш Казакстан облусунда 73 учур. Муну менен коронавирус бейтаптарынын жалпы саны 209,5 миң учурдан ашты.

Айыгып чыккан адамдардын саны дагы өсүүдө. Акыркы 24 саат ичинде 946 адам илдетти жеңип чыккан. Алардын жалпы саны 194 миңге жакындап калды.