Казакстанда өткөн суткада 692 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда өткөн суткада 692 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда өткөн суткада 692 адамдан коронавирус аныкталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, эң жогорку көрсөткүч Алматы шаарында. Мегаполисте 24 сааттын ичинде 111 адамдан инфекция аныкталды. Павлодар облусунда 93, Костанай облусунда 67 бейтап катталган. Борбор калаа Нур-Султанда 60 жакын тургун вирус жуктурган. Мангыстау жана Актөбе облустарында бир дагы бейтап катталган жок. Өлкө боюнча COVID-19 инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 209 миңди түзөт. Бүгүнкү күндө 20 миң 780 бейтап дарыланууда, анын ичинде болжол менен 4700 бейтап стационардык режимде дарыгерлердин көзөмөлүндө.