Казакстанда өткөн суткада 869 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда өткөн суткада 869 адамдан коронавирус аныкталды
aikyn.kz

Казакстанда өткөн суткада 869 адамдан коронавирус аныкталды. Эң жогорку көрсөткүч Павлодар облусунда. Аймакта COVID-19 диагнозу 114 кишиде тастыкталды. Андан кийин Алматы жана Нур-Султан турат. Аталган шаарларда 105 бейтаптан аныкталды. Жалпысынан өлкө боюнча 204 миңден ашуун адам бул илдетке чалдыккан. Азыркы учурда 22 миңге жакын казакстандык коронавируска каршы дарылануудан өтүп жатышат, анын ичинен 5 миңге жакын бейтап стационардык абалда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Кошумчалай кетсек, өткөн суткада 1061 адам коронавирустан айыгып чыкты.

×