Казакстанда коронавирустан айыгып чыккандардын саны артууда

Казакстанда коронавирустан айыгып чыккандардын саны артууда

Казакстанда коронавирустан сакайгандардын саны өсүүдө. Өткөн суткада илдетти жеңип чыккандардын саны жуктургандарга караганда бир топ жогору болду. Тактап айтканда, кооптуу вирус 686 адамдан аныкталса, айыккандардын  саны 1200дөн ашты. Жалпысынан көлкө боюнча коронавирусту жеңип чыккандардын саны 186 миң 500гө жакындады.

Казакстанда 1289 адам коронавирус инфекциясынан айыгып чыкты:

Нур-Султан шаарында - 132,

Алматыда - 155,

Шымкент шаарында - 16,

Акмола облусунда - 192,

Актөбе облусунда - 17,

Алматы облусунда - 59,

Атырау облусунда - 54,

Чыгыш Казакстан облусунда - 18,

Жамбыл облусунда - 73,

Батыш Казакстан облусунда - 71,

Караганды облусунда - 51,

Костанай облусунда - 99,

Кызылорда облусунда - 10,

Маңгыстау облусунда - 9,

Павлодар облусунда - 268,

Түндүк Казакстан облусунда - 44,

Түркестан аймагында - 21.

Ал эми вирусту жуктургандардын саны боюнча жогорку көрсөткүч Алматы шаарында. Бул жерде жүздөн ашуун адам илдетке чалдыккан. Антирейтингде экинчи орунду Чыгыш Казакстан облусу ээледи. Аймакта 85 адамдан илдет аныкталган. Үчүнчү орунда 80 адамдан вирус ырасталган Павлодар облусу турат. Жалпысынан өлкөдө кооптуу инфекцияга 203 миң 259 адам чалдыккан.