Казакстанда COVID-19га чалдыккандардын саны 200 миңден ашты

Казакстанда COVID-19га чалдыккандардын саны 200 миңден ашты

Казакстанда COVID-19 бейтаптарынын жалпы саны 200 миңден ашты. Ошол эле учурда, өткөн суткада өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны бир күн мурдагыга караганда азыраак катталды. Күнүмдүк өсүш боюнча антирейтингди мурдагыдай эле Павлодар облусу баштап турат. Бул жерде ПЧР-тестинин оң натыйжасы 163 адамда аныкталган. Ошондой эле, борбор калаанын 109 жашоочусунан коронавирус аныкталды. Алдыңкы үчтүктү Алматы толуктайт.

Бактыга жараша, коркунучтуу вирусту жеңип чыккандардын саны өсүүдө. Акыркы сутка ичинде 1167 адам илдеттен сакайып чыкты. Вирусту жеңгендердин жалпы саны 181 миңден ашты.