Казакстанда COVID-19га чалдыккандардын саны кайрадан өстү

Казакстанда COVID-19га чалдыккандардын саны кайрадан өстү

Казакстанда бир сутка ичинде COVID-19 жуктуруп алгандардын саны кайрадан 1000 адамдан ашты. Павлодар облусу дале болсо күнүмдүк өсүш рейтингинде антилидер болуп калды - бул жерде 195 бейтап аныкталды. Андан кийинки орунда 138 учур менен Казакстандын борбору турат. Акмола облусу алдыңкы үчтүктү толуктайт. Жалпысынан республикада коронавируска чалдыккандардын саны 198 миңден ашты.

Өлкөдө бардыгы болуп 198 миң 086 учур тастыкталды, анын ичинен:

Нур-Султан шаарында - 23351 (+138),

Алматы шаарында - 23107 (+91),

Чыгыш Казакстан облусунда - 20869 (+78),

Атырау облусунда - 16541 (+49),

Павлодар облусунда - 15607 (+195),

Караганды облусунда - 14455 (+69),

Акмола облусунда - 12263 (+95),

Батыш Казакстан облусунда - 11785 (+84),

Түндүк Казакстан облусунда - 11568 (+68),

Костанай облусунда - 11053 (+81),

Алматы облусунда - 9830 (+48),

Шымкент шаарында - 5955 (+17),

Жамбыл облусунда - 5691 (+10),

Түркестан аймагында - 4182 (+6),

Маңгыстау облусунда - 4128 (+1),

Актөбе облусунда - 4035 (+14),

Кызылорда облусунда - 3666 (+9).

25 миңден ашуун адам коронавирустан дарылануусун улантууда. Алардын ичинен учурда 264 бейтаптын абалы оор деп бааланса, 46 өтө оор абалда жатат. 45 жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Коронавирус менен ооруп жаткандардын арасынан:

  • оор абалда 264 бейтап,
  • өтө оор абалда жаткандар – 46 бейтап,
  • ИВЛ аппаратына 45 бейтап туташтырылган.