Өткөн суткада 918 адамдан коронавирус аныкталды

Өткөн суткада 918 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда коронавирус жуктуруу учурлары азайды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн суткада 918 адамдан COVID-19 вирусу аныкталган. Эң көп бейтап Павлодар облусунда катталды – мында  208 адам. Андан кийин Алматы шаарында – 118 бейтап, Акмола облусунда - 98 адамдан кооптуу инфекция ПЧР-тести аркылуу аныкталган. Коронавирус тарала баштагандан бери өлкөдө илдет  жуктургандардын жалпы саны 197 миңден ашты. Тармактык министрликтин кабарлашына, бүгүнкү күндө 26 миңден ашык бейтап дарылануусун улантууда. Анын 5 жарым миңден көбү стационарларда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ушул күнгө чейин 178 миң  44 адам коронавирустан айыгып чыккан.