Коронавируска каршы эмдөө тууралуу эмнелерди билүү керек?

Коронавируска каршы эмдөө кампаниясы башталгандан бери вакцинанын олуттуу терс таасири байкалган жок. Бул тууралуу маалымат жыйында Нур-Султан шаарынын коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Тимур Муратов билдирди. Анын айтымында, борбордо бирдин айында 2030 доза вакцина жасоо мерчемделген. Бүгүнкү күндө 719 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Биринчи кезекте кооптуу илдетти жуктуруп алуу коркунучу жогору медициналык кызматкерлерге жасалган. Азырынча вакцинация 5 шаардык клиникада жүргүзүлүүдө. Келечекте калкты массалык эмдөө өнөктүгү башталышында 36 мекемеде дарылоо бөлмөлөрү уюштурулат. Азыркы учурда коомдук саламаттык сактоо башкармасынын бөлүмүндө вакцинанын 1531 дозасы бар. Тимур Муратов эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлүп, ар бир адамдын укугун сактоо менен жасала тургандыгын эскертти.

ТИМУР МУРАТОВ, НУР-СУЛТАН ШААРДЫК КООМДУК САЛАМАТТЫК САКТОО БАШКАРМАСЫНЫН БАШЧЫСЫ:

 - Эске салсак, үзгүлтүксүз профилактикалык эмдөөлөргө жана убактылуу медициналык каршы көрсөткүчтөрү бар адамдар коронавируска каршы эмделбейт. Ошондой эле, коронавирустун оор түрү жана симптомсуз белгилери бар адамдар эмдөөгө кирбейт. Жугуштуу оорусу бар бейтап менен анын ичинде коронавирус менен ооруган адам менен байланышта болгон адамдар карантин мөөнөтү аяктаганга чейин вакцина албайт.