Казакстада бир суткада коронавирустун 1003 учуру катталды

Казакстада бир суткада коронавирустун 1003 учуру катталды

Казакстанда өткөн суткада COVID-19 инфекциясынын 1003 жаңы учуру аныкталды. Павлодар облусу мурдагыдай эле илдет жуктуруу көрсөткүчү боюнча лидер бойдон калууда. Бул жерде 222 бейтап катталды. Экинчи орунда 118 адамдын ПЧР-тести оң натыйжа көрсөткөн Акмола облусу турат. Алдыңкы үчтүктү Алматы толуктайт. Акыркы 24 саат ичинде мегаполисте илдетке чалдыккан 114 адам аныкталган. Жалпысынан өлкөдө коронавирус катталгандан бери 196 миңден ашуун адам илдетке чалдыкканы тастыкталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда 27 миңден ашуун казакстандык коронавирустан дарылануусун улантууда, алардын 5800дөн ашууну өлкөнүн стационарларында жатат.