Бүткүл дүйнөлүк рак илдетине каршы күрөшүү күнү

Бирдин айынын 4 - дүйнө жүзүндө рак илдетине каршы күрөшүү күн катары белгиленет. Бүгүнкү күндө онкология өлүм боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. ДССУнун маалыматы боюнча, планетанын ар бир бешинчи тургуну рак илдети менен ооруйт. Анын үстүнө, өлүмдүн 70% жакыны орто жана орто кирешеден төмөн өлкөлөрдө болот.

Серепчилердин маалыматында, илдет балдарда жана өспүрүмдөрдө көп кездеше баштады. Өлкөдө жыл сайын оорунун 36 миңге жакын жаңы учурлары катталат, анын ичинен 14 миңи өлүм менен аяктайт. Өткөн жылы эле өлкөдө 32 миңден ашык учур аныкталган. Жалпысынан айыкпас дарт диагнозу 190 миң казакстандыкта коюлган. Ооруга каршы күрөшүү максатында республикада жатын моюнчасынын, эмчек рагынын жана ичеги-карын шишигин эрте аныктоо боюнча улуттук скринингдик программалар киргизилген. Ал эми онкологиялык ооруларды аныктоо жана дарылоо акысыз медициналык жардамдын кепилденген көлөмүнө кирет.

 

 

 

 

.