1228 адамдан коронавирус илдети аныкталды

1228 адамдан коронавирус илдети аныкталды

Казакстанда өткөн суткада 1228 адамдан коронавирус аныкталды. Эң көп бейтап мурдагыдай эле Павлодар облусунда катталды. Аймакта 235 адам илдетти жуктуруп алган. Бейтаптардын саны боюнча андан кийин турган Акмола аймагында - 170 адам, борбордо - 130 жана Алматы шаарында - 113 адамдан кооптуу инфекция тастыкталды. Ал эми бейтаптардын эң аз саны Кызылорда жана Түркестан облустарында катталды. Жалпысынан өлкө боюнча илдетке чалдыккандардын саны 190 миңден ашты. Мындан тышкары, акыркы сутка ичинде 1136 адам коронавирустан айыгып чыккандыгын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.