1161 адамдан коронавирус аныкталды

1161 адамдан коронавирус аныкталды

Касым-Жомарт Токаев Казакстанда COVID-19 илдетине каршы массалык эмдөө өнөктүгүнө байланыштуу өзүнүн пикирин билдирди. Президент Твиттердеги баракчасында өлкө «Эпидемияга каршы күрөшүүдө дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуп жатат. Вакцина - пандемияны жеңүүнүн бирден-бир ишенимдүү жолу» деди. Ошондой эле, ал жарандарды вакцинациялоого кеткен чыгымдардын бардыгын мамлекет өз мойнуна аларын белгиледи.

Акыркы маалыматтарга караганда, өткөн суткада 1161 казакстандыктан коронавирус аныкталды. Эң көп бейтап Павлодар облусунда, мында 238 адамдын илдет жуктурганы тастыкталды. Андан кийин Акмола облусунда 195 учур катталды. Эң төмөнкү көрсөткүч Актөбе облусунда. Бул жерде коронавирус 3 кишиден табылган. Жалпысынан, пандемия башталгандан бери өлкөдө  илдетке чалдыккандардын саны 189 миңден ашты.