Казакстанда 1259 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда 1259 адамдан коронавирус аныкталды

Өлкөдө өткөн суткада 1200дөн ашуун адамдан коронавирус илдети аныкталды. Аймактар ​​арасында Павлодар облусунда абал курч. Мында 246 адам инфекцияны жуктурганы тастыкталды. Андан кийин Акмола облусу жана Алматы шаары турат. Жалпысынан өлкө боюнча бул илдетке чалдыккандардын саны 188 миңге жакындады.

Өлкөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 187 миң 970 жетти.

Анын ичинде:

Нур-Султан шаарында -22284 (+61),

Алматыда - 22128 (+116),

Чыгыш Казакстан облусунда - 20240 (+81),

Атырау облусунда - 16092 (+78),

Караганды облусунда - 13873 (+86),

Павлодар облусунда - 13610 (+246),

Батыш Казакстан облусунда - 11058 (+87),

Түндүк Казакстан облусунда - 10954 (+85),

Акмола облусунда - 10964 (+197),

Костанай облусунда - 10309 (+88),

Алматы облусунда - 9287 (+62),

Шымкентте - 5876 (+9)

Жамбыл облусунда - 5581 (+14),

Түркестан аймагында - 4102 (+25),

Мангыстау облусунда - 4048 (+10),

Актөбе облусунда - 3955 (+5)

Кызылорда облусунда - 3609 (+9)

Аны менен катар, кооптуу илдетти жеңип чыккан казакстандыктардын саны артып келүүдө. Өткөн суткада 854 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ошентип, өлкө боюнча инфекциядан сакайгандардын саны 168 миңден ашты.