Казакстанда COVID-19дун 1500 жаңы учуру аныкталды

Казакстанда COVID-19дун 1500 жаңы учуру аныкталды

Акыркы суткада Казакстанда коронавирустун 1469 жаңы учуру аныкталды. Бейтаптардын көпчүлүгү Павлодар облусунда катталды – мында 296 адам.

Ошондой эле, антилидерлердин тизмесинде Акмола облусу бар, илдет эки жүз алты казакстандыктан тастыкталды. Баш калаада - 124 жана Алматыда - 122 адам коронавирусту жуктуруп алган. Өлкөдө вирус тарай баштагандан бери жалпы бейтаптардын саны 184 миңди түздү. Алты миңден ашуун бейтап ооруканаларда дарыланып жатса, 21 миң адам амбулатордук дарылануудан өтүшүүдө.

Аны менен катар, акыркы сутка ичинде илдеттен 1276 казакстандык сакайып чыкты.