Казакстан кургак учукту дарылоонун натыйжалуулугу боюнча дүйнөдө 4-орунда

Казакстан кургак учукту дарылоонун натыйжалуулугу боюнча дүйнөдө 4-орунда

Казакстан кургак учукту дарылоонун натыйжалуулугу боюнча дүйнөдөгү 4 алдыңкы өлкөнүн катарына кирет. Республика 2020-жылга карата ДСУнун бул багыттагы стратегиясынын максаттарына мөөнөтүнөн мурда жетти. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри билдирди. Ажар Гиният эпидемиологиялык көрсөткүчтөрдүн олуттуу жакшыруусуна республикада аныктоонун, диагностиканын, дарылоонун жана кургак учукка каршы дары-дармектер менен борборлоштурулган камсыздоонун акыркы дүйнөлүк ыкмаларын киргизүүнүн эсебинен жетишилгенин баса белгиледи.

Ажар Гиният,  Саламаттыкты сактоо министри:

- Өлкөдө кургак учук менен ооругандарды дарылоонун натыйжалуулугу дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат жана 2021-жылы кургак учукка кабылган бейтаптардын арасында 85,9%ды, ДСУнун стандарты боюнча - 85%ды, дары-дармектерге туруктуулук менен - ​​80,2%ды, ДСУ стандарты менен – 75%.

Жалпысынан, акыркы 20 жылдын ичинде өлкөдө кургак учук менен ооругандардын саны 4 эседен ашкан, ал эми каза болгондор 15,5 эсеге кыскарган. Белгилей кетсек, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун акыркы эсеби боюнча, дүйнөдө жыл сайын дээрлик 10 миллион адам кургак учук менен ооруп, 1,5 миллиону бул оорудан каза табат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков