Коронавирустун алдын алуу: адистердин кеңеши

Коронавирус инфекциясы дале болсо өрчүп жатат. Дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаал татаал. Өлкөдө да кооптуу илдеттин таралышы  күчөп жатат. Күн сайын COVID-19ду жуктургандардын саны өсүүдө. Андыктан адистер элди алдын алуу чараларына өзгөчө көңүл бурууга чакырат. Айрыкча, социалдык аралыкты сактап, эл көп чогулган жерлерден алыс болуу маанилүү. Абаны тазалап, вируска каршы шаймандар менен камсыздалып алган жакшы. Колду жууп жүрүүнү унутпаш керек.  Жөтөлгөндө ооз менен мурунду чыканак менен жабуу зарыл. Бул жөнөкөй сактык чаралары. Адистер оорунун белгилери байкалса, тезинен дарыгерге кайрылууга кеңеш берет.

КУАНЫШ АЛИМБЕТОВ, РКНЫН ССМ КООМДУК САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО УЛУТТУК БОРБОРУ ДЕПАРТАМЕНТИНИН АДИСИ:

 - Албетте, ден-соолукту дайыма көзөмөлдөп, текшерип туруш керек. Мисалы, сизге суук тийип, демиңиз кыстыгып жатса, жөтөлдүн биринчи белгилери пайда болгондон баштап дарыгерге көрүнүшүңүз керек. Өзүн-өзү дарылайм деген ойдон алыс болуш керек. Анткени ал олуттуу зыян алып келиши мүмкүн. Себеби, көптөгөн адамдар эмнеден жана кантип дарыланууну билишпейт. Оорунун алдын алуу үчүн коргонуу чараларын сактоо зарыл. Айрыкча, ушул пандемия учурунда өтө этият болуп, ооруп калбоонун жолун тапкан жакшы. Мен алдыдагы убакытта кооптуу илдетти жеңеерибизге ишенем. Ал үчүн баарыбыз биригишибиз керек жана ар бирибиз эрежелерге көңүл буруубуз абзел.

Ошондой эле, адистер коомдук жайларда жайгашкан заттар менен бет тушка болушунча кол тийгизбөөгө аракет кылуу  керектигин айтышууда. Анткени илдет заттар аркылуу да жугушу мүмкүн экендиги далилденген. Аны менен катар, салттуу кол алышуудан убактылуу баш тартуу сунушталат. Жалпысынан, эпидемиологиялык кырдаал жакшырмайынча, эрежелерди так сактоо зарыл.