Нур-Султан шаарында чектөө чаралары жеңилдеди

Нур-Султан шаарында чектөө чаралары жеңилдеди

Борбор калаада коронавирус инфекциясына каршы киргизилген чектөө чаралары жеңилдетилди. Илдетке чалдыккандардын санынын азайышы жана шаардын “жашыл” зонага өткөндүгүнө байланыштуу болду. Токтомго борбор калаанын башкы мамлекеттик санитардык дарыгеринин орун басары Жанна Пралиева кол койду. Документке ылайык, мындан ары жыйындарды аралыктан өткөрүү жана кош бойлуу кызматкерлерди, ооруга каршы көрсөткүчтөрү бар адамдарды онлайн режиминде иштөөгө өткөрүү талап кылынбайт. Бирок 5 жашка чейинки балдарды кошпогондо, эл көп чогулган жерлерге, топ-топ болуп, коомдук транспортко барганда беткап тагынуу абзел. Администрацияга коронавируска каршы өз убагында эмдөө жана ревакцинациялоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле дезинфекциялык иш-чараларды уюштуруу тапшырылды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков