Омикронго каршы дүйнөдөгү алгачкы вакцина бекитилди

Омикронго каршы дүйнөдөгү алгачкы вакцина бекитилди

Улуу Британия коронавирустун Omicron штаммына каршы дүйнөдөгү биринчи биваленттүү вакцинаны бекитти. Ал инфекциядан иммунизациялангандарды коргоо үчүн иштелип чыккан. Аны Moderna компаниясы чыгарды. Вакцинанын өзгөчөлүгү дозанын жарымы вирустун баштапкы штаммынан, калганы Omicronдон коргойт. Бул дарыны ревакцина үчүн да колдонууга болот. Сыноо учурунда вакцина адамдын организминде күчтүү иммунитетти жаратаары аныкталган. Ошондой эле, "омикрондун" бир нече түрүнөн коргойт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков