Маймыл чечеги түрлөрүнүн аталыштары өзгөртүлдү

Маймыл чечеги түрлөрүнүн аталыштары өзгөртүлдү

Маймыл чечегинин бир нече түрлөрүнүн жаңы аталыштары расмий бекитилди. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди. Вирустун түрлөрү эми рим цифралары менен белгиленет. Мындан ары маймыл чечегинин нускалары Африканын мурда аталган аймактары менен байланыштуу болбойт. Ошентип, мурдагы Конгонун түрү  1-клада, ал эми Батыш Африка түрү II клада деп аталат. Эске салсак, теке айынын 23дө Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо тармагы маймыл чечегинин өрчүшүн  глобалдык маанидеги өзгөчө кырдаал катары тааныган. Бугу айынан бери дүйнөдө бул вирусту 31 миңден ашуун адам жуктуруп алган. Алардын көбү Африкадан тышкары өлкөлөрдө катталган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков