Казакстанда маймыл чечегин дарылоо протоколу иштелип чыгууда

Казакстанда маймыл чечегин дарылоо протоколу иштелип чыгууда

Казакстанда маймыл чечеги илдетин дарылоо протоколу иштелип жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Тиешелүү документ 2-3 жуманын ичинде департамент алдындагы биргелешкен сапат комиссиясында каралат. Бүгүнкү күндө өлкөдө илдетти аныктоо үчүн миңден ашуун тесттер бар. Бирок, азырынча аларды колдонуунун зарылчылыгы жок - деп белгилешти башкармалыктын кызматкерлери. Белгилей кетсек, Казакстанда маймыл чечегине шектелген бейтаптар азырынча аныктала элек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков