Жыл аягына чейин коронавируска каршы 800 миң доза вакцина сатылып алынат

Жыл аягына чейин коронавируска каршы 800 миң доза вакцина сатылып алынат

Үч жүз миң Pfizer жана 500 миң QazVac вакцинасы. Казакстан дал ушунча көлөмдөгү коронавируска каршы  дары-дармектерди жыл аягына чейин кошумча сатып алууну көздөөдө. Учурда республиканын вакциналоо пунктарында миллиондон ашык доза кытайлык, 85 миң ата мекендик жана 29 миң доза америкалык вакцина бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Ажар Гиният билдирди. Анын айтымында, эмдөө, ошондой эле ревакцинация дагы эле коронавирустан коргонуунун жалгыз жолу. Вакцина албаган казакстандыктар жана алты айдан ашык убакыт мурун эмделгендер илдетке чалдыккан бейтаптардын 80%ын түзөт. Ажар Гинияттын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкөдө калктын 56% эмдөөдөн өткөн. Буга карабастан, Казакстанда ушул айдын аягына чейин суткасына коронавирус жуктургандардын саны төрт миңге жетиши мүмкүн. Бирок аяк оона айында илдетке чалдыккандардын саны азая башташы керек. Негизинен, инфекция жеңил өтүп жатат. Ооруканаларда керебеттердин толушу 30%га жакын. «Сары» зонада мурдагыдай эле борбор калаа, калган аймактар ​​«жашылда» калууда.

Ажар Гиният, Казакстандын саламаттыкты сактоо министри:

- Азыркы учурда республика негизинен “жашыл” зонада экенин жана пандемия эки жылдан ашык убакыттан бери уланып жатканын калк жакшы билип турганын эске алып, биз эми эл көп чогулган жерлердеги баарына ошондой эле сиз жашаган жерде илдеттин көбөйүшү байкалса ден соолугуңуз үчүн беткап тагууңузду сунуштайбыз. Биз Саламаттыкты сактоо министрлиги калкты инфекциядан коргой турган бардык профилактикалык иш-чараларды сактоого чакырабыз. Азыр кырдаал аталган инфекциянын аздыр-көптүр жеңил экенин көрсөтүп турат, амбулатордук түрдө дарыланып жаткандар 94%, ооруканаларда болгону 6%. Ошондуктан азырынча сунуштарды гана берип жатабыз.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков