Cоңку суткада 664 адамдан коронавирус аныкталды

Cоңку суткада 664 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда акыркы суткада 664 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын көбү – 110 бейтап– борбор калаада катталган. Андан кийин Караганды облусунда 97 кишиден инфекция табылса, Акмола облусунда 79 адамдын диагнозу оң натыйжа көрсөткөн. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери коронавирус жуктургандардын саны 1 миллион 386 миңден ашты. Учурда 19 миңден көп адам ковид инфекциясына каршы дарыланууда, анын ичинде 670тей бейтап ооруканаларда жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков