Евробиримдик маймыл чечегине каршы вакцинаны кабыл алды

Евробиримдик маймыл чечегине каршы вакцинаны кабыл алды

Даниялык биотехнологиялык компаниянын маймыл чечегине каршы Имванекс вакцинасы Европа Биримдигинде жактырылды. Биримдиктин препараты бардык мүчө мамлекеттерде, ошондой эле Исландия, Лихтенштейн жана Норвегияда колдонууга уруксат берилген. Буга чейин вакцина АКШ менен Канадада гана колдонулуп келген. Эскерте кетсек, теке айынын 23дө ДССУ маймыл чечегинин жайылышына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады. Бүгүнкү күндө эпидемия 75 өлкөдө катталган. Дүйнө жүзү боюнча 16 миңден ашуун адамга илдет жукту.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков