Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны көбөйдү

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны көбөйдү

Казакстанда коронавирус инфекциясынын саны күн сайын өсүп жатат. Акыркы сутка ичинде эле 1180 адамдан кооптуу вирус табылган. Эң жогорку көрсөткүч борбор калаада катталды. Бул жерде 237 адам илдетти жуктуруп алган. Павлодар облусунда 140, Акмола шаарында 132 жана Караганды облусунда 71 учур катталды. Ал эми Алматыда бул илдетке чалдыккандардын саны 115ке жетти. Ошентип, өлкө боюнча жалпы көрсөткүч 173 миңди түздү.

Елімізде коронавирус инфекциясын жұқтырғандар саны 172 412 жетті.

Оның ішінде:

Алматыда - 20750 (+115),

Нур-Султан шаарында -20579 (+237),

Чыгыш Казакстан облусунда - 19669 (+31),

Атырау облусунда - 15186 (+82),

Караганды облусунда - 12991 (+71),

Павлодар облусунда - 11014 (+140),

Батыш Казакстан облусунда - 10085 (+55),

Түндүк Казакстан облусунда - 9787 (+78),

Костанай облусунда - 8878 (+67),

Акмола облусунда - 8690 (+132),

Алматы облусунда - 8459 (+82),

Шымкент шаарында - 5757 (+14)

Жамбыл облусунда - 5342 (+25),

Түркестан аймагында - 3946 (+18),

Мангыстау облусунда - 3922 (+17),

 Актөбе облусунда - 3851 (+10)

Кызылорда облысында - 3506 (+6)

Деген менен эпидемияны жеңип чыккан казакстандыктардын саны дагы өсүүдө. Акыркы суткада 1124 адам коронавирустан айыгып чыккан. Жалпысынан, Covid 19дан сакайып чыккандардын саны 156 мин 500дөн ашты.