ДССУ: дүйнөдө соңку эки аптада COVID-19 жуктуруу көрсөткүчү 30%дан ашкан

ДССУ: дүйнөдө соңку эки аптада COVID-19 жуктуруу көрсөткүчү 30%дан ашкан

Коронавирустун темпи кайра күчөп баратат. Соңку эки жумада дүйнөдө инфекцияны жуктуруу деңгээли болжол менен 30%га өстү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди. Коронавирустун BA.4 жана BA.5 штаммдары Европа менен Америкада кеңири жайылганы айтылууда. Мисалы, Францияда бир күндө 200 миңден ашуун адамдын тести оң натыйжа көрсөткөн. Ал эми Германияда күнүмдүк өсүш 150 миңге жетет. Ошол эле учурда COVID-19дун жаңы түрү катталган Индия өлкөсү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун көзөмөлүндө.

Майкл Райан, ДДСУ өзгөчө кырдаалдар боюнча программасынын мүдүрү:

- Коронавирус кайрадан күч алууда. Бирок жандандыруу бөлүмүнө  түшкөндөр же каза болгондор көбөйдү деп айтууга болбойт. Бул эмнени түшүндүрөт? Башкача айтканда, вакциналардын таасирдүүлүгү жогору экенин далилдейт. Эпидемиянын жаңы толкундары кайталана бериши мүмкүн. Андыктан вируска каршы күрөшүүнүн эң эффективдүү куралы эмдөө экенин эстен чыгарбоо керек.

Кытайда да коронавирус жуктуруунун өсүшү байкалууда. Маселен, Шанхайда вирустун дагы бир толкуну катталды. Акыркы бир нече күндө шаарда COVID-19 илдетин жуктурган 26 адам аныкталды. Эске салсак, аталган шаар жакында эле узак мөөнөттүү обочолонуудан чыккан. Азыр Шанхай тургундары инфекцияга каршы массалык түрдө текшерүүдөн өтүп жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков