Алматыда санитардык чаралар күчөтүлөт

Алматыда санитардык чаралар күчөтүлөт

Теке айынын 7нен тарта Алматыда санитардык чаралар күчөтүлөт. Шаардын башкы мамлекеттик санитардык дарыгеринин токтому күчүнө кирет. Тактап айтканда, эл көп топтолгон жабык жерлерде, коомдук транспортто бет кап тагынуу сунушталат. Бул автобустарга, метролорго, соода борборлоруна, жабык базарларга, калкты тейлөө борборлоруна, банктарга, кинотеатрларга, цирктерге, концерттик залдарга, саякат жайларына, ошондой эле көрүүчүлөр катыша турган спорттук иш-чараларга жана конференцияларга тиешелүү. Мындан тышкары, документте шаар тургундарына COVID-19га каршы 6 ай сайын эмдөө жана ревакцинациялоо зарылчылыгы тууралуу түшүндүрүү, кызматкерлерди, кош бойлуу аялдарды жана бейтаптар менен байланышта болгон адамдарды аралыктан иштөө режимине которуу керектиги белгиленген. Буга чейин Алматы шаары коронавирустун таралышы боюнча «сары» зонага өткөнү айтылган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков