Казакстанда өткөн суткада 158 адам коронавируска чалдыкты

Казакстанда өткөн суткада 158 адам коронавируска чалдыкты

Казакстанда акыркы суткада коронавирус жуктурган 158 жаңы учур катталды. Бейтаптардын көбү Алматы шаарында аныкталган. Түштүк калаанын 88 тургунунан кооптуу инфекция ырасталды. Андан соң борбор калаада 35 бейтапка коронавирус диагнозу коюлду. Казакстан Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 1 миллион 307 миңден ашты. Учурда инфекцияга каршы 1155 адам дарыланууда, анын ичинен 147 бейтап стационарда жатса, 8 адамдын абалы оор деп бааланууда. Акыркы суткада 73 казакстандык илдеттен толугу менен айыгып чыкты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков