Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны кескин өстү

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны кескин өстү

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны кескин көбөйдү. Акыркы суткада өлкөдө инфекцияны жуктурган 110 учур катталды. Бул мурунку күнгө караганда болжол менен эки эсеге көп. Антирейтингде алдыңкы орунда турган Алматыда 56, Нур-Султанда 29 бейтап аныкталган. Коронавирустун алдын алуу боюнча мекемелер аралык комиссиянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, учурда өлкөдө 500дөн ашык адам коронавирус инфекциясына каршы дарыланып жатат. Алардын жүзгө жакыны ооруканага жаткырылган. 4 адамдын абалы оор. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирусту жуктургандардын саны 1 миллион 306 миңден ашты.

Айжан Есмагамбетова, Казакстандын саламаттыкты сактоо вице-министри, башкы мамлекеттик санитардык дарыгери:

- Биз муну кескин көбөйүү деп айта албайбыз. Анткени коронавирус эч жакка кеткен жок. Бул ар дайым биз менен бирге, чогуу жүргөн инфекция. Азырынча вирустун сезондук сыпаты бар же жок экендиги  белгисиз. Бирок, кулжа айынын ортосунан тарта өлкөдө  бейтаптардын саны өскөн. Мисалы, 2020-жылдын кулжа  айынын орто чени,  21-жылы да дал ушул эле айга туура келген,  жана  бул жылы да кулжа айынын 3нөн баштап көбөйө баштады.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков