QAZVAC-3түн натыйжалуулугу клиникалык изилдөөлөр менен бышыкталды

QAZVAC-3түн натыйжалуулугу клиникалык изилдөөлөр менен бышыкталды

Казакстандык QAZVAC вакцинасы COVID-19га каршы жогорку иммунитетти калыптандырат. Бул масштабдуу клиникалык изилдөөлөр менен тастыкталат. Анын жыйынтыгы абройлуу эл аралык медициналык e-Clinical-Medicine журналында жарыяланды. Илимий макала Казакстандын коронавируска каршы вакцинасынын натыйжалуулугун талдоонун үчүнчү этабына арналган.

Күнсулу Закарья, Биологиялык коопсуздук маселелери илимий-изилдөө институтунун башкы мүдүрү:

- Эл аралык серепчилер жүргүзгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча абдан жогору талдоочулук рейтингге ээ болдук. Бул биологиялык коопсуздук, биотехнология жана медицина жаатындагы Казакстан илиминин жогорку деңгээлдеги көрсөткүчү.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков