ДССУ маймыл чечегин расмий түрдө пандемия деп жарыялады

ДССУ маймыл чечегин расмий түрдө пандемия деп жарыялады

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маймыл чечек оорусунун жайылышын пандемия деп жарыялады. Бүгүнкү күндө инфекция 58 өлкөдө катталып, 3000ден ашуун учур тастыкталды. Вирус бир нече континенттерде тездик менен жайылып жатат. Адистер аны алдын алуу үчүн тез арада чара көрүү керектигин эскертишүүдө. Вирусту ооздуктоо үчүн дүйнөлүк иш-аракеттер жасалышы керек. Уюмдун маалыматында, маймыл чечегинен каза болгондордун саны кадимки чечекке караганда азыраак болсо да өз убагында чара колдонулбаса, инфекция миллиондогон адамдардын өмүрүн алып, көптөгөн адамдардын майып болуп калуу коркунучу жогору деп айтылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков