Европада коронавирус инфекциясы өсүүдө

Европада коронавирус инфекциясы өсүүдө

Европада коронавирусту жуктургандардын саны кайрадан өстү. Эпидемиологдордун айтымында, омикрон штаммынын субварианттары инфекциянын дагы бир толкунуна алып келиши мүмкүн. Азыркы учурда өсүү көрсөткүчү Австрия, Германия, Греция, Испания, Италия жана Швейцарияда байкалган. Португалия вирустун жайылышы боюнча антирейтингде лидер болууда. Акыркы бир айда жарым миллиондон ашык жаңы жуктуруу учурлары катталып, бул курмандыктардын көбөйүшүнө алып келди. Францияда кулжа айынын башынан бери бейтаптардын саны эки эсеге көбөйдү. Жергиликтүү бийлик тургундарга, өзгөчө кары-картаңдарга кайра эмдөөдөн өтүүнү сунуштап жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков