Евробиримдик маймыл чечегине каршы 110 миң доза вакцинаны жеткирүү тууралуу макулдашууга кол койду

Евробиримдик маймыл чечегине каршы 110 миң доза  вакцинаны жеткирүү тууралуу макулдашууга кол койду

Европа Биримдиги маймыл чечегине каршы 110 миң доза вакцина сатып алууну көздөөдө. Бул тууралуу анын саламаттыкты сактоо боюнча комиссары Стелла Кириакидес билдирди. Дары-дармектин биринчи партиясы кулжа айынын аягында жана теке айынын башында келет. Соңку маалыматтарга ылайык, маймыл чечеги Евробиримдиктин 19 өлкөсүндө катталган. Анда вирус жуктуруунун 900гө жакын учуру аныкталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков