Казакстандык окумуштуулар маймыл чечегин аныктаган ПЧР-тест иштеп чыгууда

Казакстандык окумуштуулар маймыл чечегин аныктаган ПЧР-тест иштеп чыгууда

Казакстанда маймыл чечегин жуктуруу учурларын аныктоочу ПЧР-тест системасы иштелип чыгат. Ата мекендик окумуштуулар ишке киришти. Эске сала кетсек, учурда аталган оору дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө катталып, жайылып баратат. Бул Казакстандын өзгөчө коркунучтуу инфекциялар боюнча улуттук илимий борборунун адистери үчүн биринчи тажрыйба эмес. Белгилүү болгондой, ата мекендик илимпоздор коронавирусту тез жана так аныктоого мүмкүндүк берген ПЧР-тест системасын иштеп чыгышкан, ал чет элдик аналогдордон кем калышпайт. Алардын айтымында, COVID өңдүү маймыл чечегинин өлкөдө жайылышын алдын алуунун бирден бир жолу бул ооруну дароо жана эрте аныктоо. Бул кооптуу илдетке чалдыккандарды жана алар менен байланышта болгондорду обочолонтуп, керектүү учурда өз убагында дарыланууга шарт түзөт. Ата мекендик жаңы система жакынкы айларда кеңири колдонула баштайт деп күтүлүүдө.

Галина Ковалева, М.Айкымбаев атындагы өтө кооптуу инфекциялар улуттук илимий борборунун башкы мүдүрү:

- Учурда праймердик зонддор иштелип чыгууда. Оң натыйжа алуу - бул абдан татаал жараян, ошондуктан бир аз убакыт талап кылынат. Тест системасын колдонуу үчүн биз аны бекитип, Казакстан Республикасынын медициналык максаттагы буюмдардын тизмесине каттоодон өткөрүшүбүз керек. Анан үчүнчү чейректе теке-баш оона  айларында биз даяр өнүмгө мүмкүнчүлүк алабыз. Ошондой эле, маймыл жана табигый чечек вирусуна каршы эки тест системаны ишке киргизүүнү мерчемдештирип жатабыз.

Маймыл чечегине чалдыккан бейтаптар дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүндө катталган. Казакстан бул тизмеде жок. Өлкө расмий түрдө маймыл чечеги үчүн эпидемиологиялык жактан ыңгайлуу аймакка кирет. Окумуштуулардын айтымында, бул илдеттин жайылуу коркунучу жогору. Өз убагында аныкталбаса, оорулууну дарылоо кыйын. Андыктан адистер кийин кеч болуп кала электе оору белгилери байкалаары менен дароо анализ тапшырууга кеңеш беришет.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков