ДССУ: бир аптада маймыл чечеги менен ооругандардын саны 203%га өстү

ДССУ: бир аптада маймыл чечеги менен ооругандардын саны 203%га өстү

Дүйнөдө маймыл чечегинин 780 учуру катталды. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, вирус азыр 27 өлкөдө аныкталган. Аталган илдет Европа жана Түндүк Америка өлкөлөрүнө мүнөздүү эмес. Анткен менен эң көп учурлар: 207 бейтап Улуу Британияда, Испанияда 156 жана Португалияда 138 бейтап катталды. Францияда, Швецияда, Австралияда, Нидерландияда, АКШда, Словенияда жана Чехия мамлекеттеринде да илдетти жуктургандар аныкталды. Иммунологдордун айтымында, эгер вирус мутациядан улам абадагы тамчылар аркылуу таралуу мүмкүнчүлүгүнө жетсе, маймыл чечеги эпидемиясы күч алышы мүмкүн. Азыр бул инфекция тиричилик байланыш аркылуу жугат. Дарыгерлер эмдөө зарыл деп эсептешет. Табигый чечекке каршы вакцина да ылайыктуу.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков