Маймыл чечегине каршы вакцина

Маймыл чечегине каршы вакцина

Чечек вирустары менен маймыл чечеги бири-бири менен тыгыз байланыштуу. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, аталган илдетке каршы вакцинанын биринчи партиясы маймыл чечеги менен күрөшүүдө 85% натыйжалуу. Бүгүнкү күндө маймыл чечегине каршы эки вакцина бар. Алардын бири Данияда жасалган. Препараттын жакшыртылган версиясы адамда ооруну жаратпайт. Анын курамында адамдын клеткаларында көбөйө албаган чечек вирусунун алсыраган түрү бар. Дагы бир вакцина америкалык биофармацевтикалык компания тарабынан иштелип чыккан. Биринчи препараттан айырмачылыгы – курамындагы чечек вирусу жугуштуу болуп, адамдын клеткаларында көбөйө алат. Анын кесепетинен вирус эмделген адам менен жакын байланышта болгон вакцина албаган адамдарга жугушу мүмкүн. Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Швейцариядагы штаб-кеңсесинде вакцинанын 2,5 миллиондой дозасы сакталган. Эл аралык уюм кошумча 31 миллион доза бөлүнөөрүн билдирди.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков