ДССУ: маймыл чечегине каршы массалык вакцина алуунун кажети жок

ДССУ: маймыл чечегине каршы массалык вакцина алуунун кажети жок

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму калктын маймыл чечегине каршы массалык түрдө эмдөөсүн милдеттүү деп эсептебейт. Адистердин айтымында, бир катар талаптар аткарылса, вирустун жайылышын ооздуктоого болот. Мисалы, гигиеналык эрежелерди сактоо, колду тез-тез жууп туруунун жардамы зор. Жалпысынан, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, айдын башынан бери 19 мамлекетте инфекция тастыкталды. Улуу Британияда гана маймыл чечегине чалдыккандардын саны 71ге жетти. Бул жерде алар теридеги адаттан тышкары кызарган жерди  байкагандарды дароо дарыгерге кайрылууга чакырды.

Германияда маймыл чечегин жуктургандар эми 3 жумалык карантинге алынат. Мындай токтомду өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги кабыл алды. Буга кошумча, бийлик бейтаптар менен байланышта болгон жарандарды өзүн-өзү обочолоого чакырды. Өлкөнүн өкмөтү алдын алуу үчүн илдетке каршы 40 миң доза вакцинага буйрутма берди. Бүгүнкү күндө Германияда 5 адам аталган илдетке чалдыкканы тастыкталды.

Карл Лаутербах, Германиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы:

- Маймыл чечеги - бул жаңы пандемиянын башталышы эмес. Муну баарыбыз түшүнүшүбүз керек. Биздин билишибизче, бул вирустук оорунун күчөшү көп кездешет. Аны сактык чаралары менен көзөмөлдөп турууга болот.

 

Которгон: Илгиз Жамлбеков