Казакстанда ревакцинациялоо боюнча токтомго башкы санитардык дарыгер кол койду

Казакстанда ревакцинациялоо боюнча токтомго башкы санитардык дарыгер кол койду

Коронавируска каршы ревакцинациялоодон Казакстандын аймагында үч же андан ашык ай жашаган бардык казакстандыктар жана чет өлкөлүктөр өтүшү керек. Тиешелүү токтомго республиканын башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова кол койду. Ал бугу айынын 25нен баштап күчүнө кирет. Документке ылайык, биринчи күчөтүүчү дозасын жарым жылдан ашык мурун алгандар дагы эмдөөдөн өтүшөт. Ошентип, инфекция жуктуруу коркунучу жогору адамдар дагы бир ирет ревакцинациядан өтүшү керек. Бул медицина кызматкерлер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, педагогдор, 50 жаштан жогору жарандар.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков