ДССУ: пандемия аяктай элек

ДССУ: пандемия аяктай элек

Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн өлкөлөрдө коронавирустук чектөөлөр алынып салынганына жана омикрон учурлары азайганына карабастан, пандемия азырынча аяктай элек. Бул тууралуу ДССУнун башчысы билдирди. Тедрос Адханом Гебрейесус дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүндө 1 миллиардга жакын адам эмдөөдөн өтө электигин айтты. Анын айтымында, ДССУ жалган маалыматтан улам дары-дармектерге ишенбөөчүлүк көрсөткөн учурларды да каттайт. Ал эми Африкада коронавирустан каза болгондордун саны өсүүдө. Бул жерде эмдөөнүн эң төмөнкү деңгээли катталган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысынын айтымында, дүйнөнүн 57 өлкөсү гана калктын 70%дан ашыгын эмдөөгө жетишкен. Ошондой эле бир катар өлкөлөрдө вакцинациялоо маселесинде саясий чечимдердин жетишсиздиги жана каржылык ыкчам базанын алсыздыгы байкалат.

Тедрос Гебрейесус, ДССУнун башчысы:

- Пандемия азырынча аяктай элек. Дүйнөнүн 70 өлкөсүндө илдетке кабылгандардын саны өсүүдө. Вирус өзгөчө эмдөө иштери жай жүргөн өлкөлөрдө кеңири жайылып жатат. Каза болгондордун саны да өсүүдө. Бул эпидемия бизди чаташтырып салды. Анткени анын канчалык тездик менен күчөшүн алдын ала айтуу кыйын.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков