Коронавирус Паркинсон оорусунун коркунучун күчөтүшү мүмкүн

Коронавирус Паркинсон оорусунун коркунучун күчөтүшү мүмкүн

Коронавирус Паркинсон оорусунун коркунучун күчөтүшү мүмкүн. Ал эми жакынкы жылдары нейродегенеративдик оорулар көбөйүшү ыктымал дешет америкалык окумуштуулар. Алардын изилдөөсүнө ылайык, инфекция мээни тобокелдик факторлорго сезгич кылып, нерв системасынын бузулушуна алып келет. Серепчилер коронавирус инфекциясынан улам пайда болгон сезгенүү нейрондорду башка оорууларга алсыратып, Паркинсон оорусунун пайда болуу коркунучун жогорулатат деп эсептешет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков