Казакстанда Түркиянын балдар хирургдарынын мастер классы өттү

Казакстанда Түркиянын балдар хирургдарынын мастер классы өттү

Түркиянын балдар хирургдары казакстандык кесиптештерине ар кандай ооруларды дарылоонун жаңы ыкмаларын көрсөтүп, тажрыйба алмашууда. Мастер-класстар борбордогу №2 көп тармактуу шаардык балдар ооруканасынын базасында өтүүдө. Иш-чаранын жүрүшүндө 3 күндүн ичинде бир нече бейтапка операция жасоо пландалган. Балдар чет өлкөдө дарыланууга муктаж болгон, бирок бул мастер-класстын аркасында алар мекенинде бекер операция жасатышат. Алардын бири 15 жаштагы Диас Акылбайга боор эхинококкозу деген диагноз коюлган. Организмге акырындап таасирин тийгизген бул митеден операциясыз айыгууга болбойт.

Наурызгүл Масыгутова, апасы:

- Боорунда киста өсүп чыккан. Аны Көкшетауда УЗИден аныктадык. Анан борборго билет алып, мастер-класс өтөөрүн угуп ушул жерге келдик. Бул оорукананын кызматкерлерине, түрк боордошторубузга терең ыраазычылык билдирем.

Мындай операция мурда кесүү менен жасалса, жаңы технологиялардын жардамы менен баланын боорундагы мите курт тешүү аркылуу алынып салынат.

Ринат Байгиреев, №2 КШБО хирургия кызматынын жетекчиси:

- Батыш медицинасында ичтин алдыңкы жагын тешүү аркылуу, тагырагы кеспей туруп  хирургиялык дарылоону ишке ашырууга көңүл бурулат. Демек бул балдар үчүн натыйжалуу.

Бурак Тандер, «АЖЫБАДЕМ» клиникасынын балдар хирургу / Түркия /:

- Казакстанда нейрохирургияны өнүктүрүүдө дал ушундай алмашуулардын мааниси чоң. Мындай мастер-класстарда биз билгендерибизди үйрөтсөк, казакстандык адистер бизге өздөрүнүн дарылоо жолдорун көрсөтүп беришет. Ошондо жаңы ыкмаларды ойлоп табууга болот. Мисалы, Түркияда сейрек кездешкен, бирок Казакстанда көп кездешкен диагноздор менен таанышып, аны дарылоонун жолдорун үйрөндүм.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков