COVID-19 кээ бир дене клеткаларынын жарылуусуна алып келиши мүмкүн

COVID-19 кээ бир дене клеткаларынын жарылуусуна алып келиши мүмкүн

Коронавирус кээ бир дене клеткаларынын жарылуусуна жана бир катар органдарга зыян келтириши мүмкүн. Бул британ окумуштуулары жүргүзгөн жаңы изилдөөнүн жыйынтыгы. Алар COVID-19 инфекциясын жуктурган адамдын денесиндеги иммундук клеткалар пироптозго дуушар болушу мүмкүн экенин жана бул механизм катуу коронавирус менен ооруган бейтаптарда залалдуу сезгенүүнү пайда кылаарын аныкташкан. Натыйжада пироптоз организмге жайылып, өпкө, боор жана башка органдарга зыян келтирет. Дарыгерлердин айтымында, бул жыйынтыктар изилдөөчүлөргө коронавирусту дарылоонун эффективдүү ыкмаларын иштеп чыгууга жардам берет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков