Балдар арасында тараган гепатиттин оор түрү COVID-19дун жаңы штаммы менен байланыштуубу?

Балдар арасында тараган гепатиттин оор түрү COVID-19дун жаңы штаммы менен байланыштуубу?

Дүйнөдө 10 жашка чейинки балдар арасында этиологиясы белгисиз курч гепатит менен ооруган учурлар катталууда. Эпидемия кеминде 12 өлкөдө аныкталып, 200гө жакын бала жуктурган. Анын кесепетинен 1 өспүрүм каза болгон. Дарыгерлердин айтымында, илдет өтө оор жана дагы деле түшүнүксүз болууда. Себеби, буга чейин балдарда белгилүү болгон гепатит вирустарынын бири да табылган эмес. Серепчилер инфекциянын келип чыгышы боюнча бир нече божомолдорду айтышкан. Алардын айтымында, инфекциянын татаалдашына омикрондун жаңы, өзгөчө агрессивдүү версиясы же белгисиз коронавирустун мутациясы себеп болушу мүмкүн. Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча Европа борбору Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен биргеликте изилдөө жүргүзүүдө.

Тедрос Адханом Гебрейесус, ДССУнун башчысы:

- Көбүнчө курч гепатитти пайда кылган вирустар аныкталган эмес. Аденовирустун кеминде 74 учуру белгилүү болду. Бул инфекцияга коронавирус себеп болушу мүмкүн деген шектенүү бар. Азыр бардык иштер иликтенип жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков